Россия өкмөтү толугу менен отставкага кетти

Мезгил

Россия өкмөтү толугу менен  отставкага кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Анда айтылгандай, премьер-министр Дмитрий Медведев президенттин Федералдык жыйындагы кайрылуусунан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткенин жар салды.

Бул президент Владимир Путиндин Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш киргизгенине байланыштуу.  Өлкө башчы Медведевге Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болууну сунуштады. Ал эми премьер-министрликке  учурда салык кызматын жетектеп жаткан Михаил Мишустиндин талапкерлиги каралууда.

Мишустин 2010-жылдан тарта Федералдык салык кызматынын башчысы болуп иштеп келет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *