Россия Кыргызстандык мигранттарга мунапыс жарыялады

  Мезгил

Россия Кыргызстандык мигранттарга 22-апрелге чейин миграциялык мунапыс жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

 Маалыматка ылайык, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында жана РФнын мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген кыргыз-россиялык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында «миграциялык мунапыс» жарыялады.

Ага ылайык РФнын аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына 2019-жылдын 22-апрелине чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда административдик жоопко тартылбастан кирүү укугу берилет.

Белгилей кетсек, Россия буга чейин дагы Миграция кызматынын «кара тизмесинен» чыгууга кыргызстандыктарга шарт түзгөн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *