Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам берүүсүн улантууда

   Мезгил

Россиянын коомдук уюмдары Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалым болгондой,  жардам COVID-19 менен күрөшүү үчүн берилди.

Ал препарат, бет кап, респиратор жана башка медициналык каражаттардан турат. Жүк Ысык-Көл жана Чүй облусундагы аймактык ооруканаларга бөлүштүрүлдү. Берилген жардамдын наркы жарым миллион рублден ашат.

Эске салсак, Россия Кыргызстанга бир катар жардамдын партиясын жеткирип берген. Февралда чет өлкөлөрдөн биринчилерден болуп Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине тест-системаларды жиберген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *