Россия Кыргызстанга ПЧР тест-системалардын топтомун берди

   Мезгил

Россия коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга  гуманитардык жүк берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясынын бар-жогун аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилди. Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө үчүн 820  ПЧР тест-системасынын толук топтому, 24 000 изилдөөгө толук эмес 480 топтом келген. 

Кыргызстандын   Өкмөтүнүн атынан  Саламаттык сактоо министирлиги Россия Федерациясына, ошондой эле Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус инфекциясы менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним көрсөтөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *