Россия менен АКШнын 31 жыл мурда түзүлгөн ракеталык келишим токтойт

Мезгил

Бүгүн 2-августта, АКШ менен Россиянын ортосундагы 31 жыл мурда түзүлгөн, ракетанын бир катар түрүн жок кылууга салым кошкон маанилүү өзөктүк келишим токтойт.

Аталган келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу бул келишимге мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ошол убакта СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол учурдагы президенти Рональд Рейган кол койгон.

Бул боюнча БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш 1-августта келишим токтосо анда дүйнө “өзөктүк согуштан сактап турган баалуу коргоочудан кол жууйт” деп оюн билдирген. Буга чейин, АКШнын НАТОнун өкүлдөрү Россия келишимди бузган ракеталарды жасап жатканын, өзгөчө «9М729 Новатор» деген жаңы ракетасы документтеги шарттарды бузарын жана анын радиусу 1500 километрге жетерин айтып келишкен. Ал эми, Москва болсо айтылган дооматтарды четке каккан.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *