Россия Тажикстан мектептериндеги тамактанууга 21,2 млн жашылбайды бөлмөй болду

Мезгил

Россия Тажикстан мектептериндеги тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн 11,2 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Россиянын Душанбедеги элчилиги кабарлады.

Каражат билим берүү мекемелериндеги ашканаларды оңдоого, жабдууга, мектеп кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле өлкөдө туура тамактануу боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзүүгө жумшалат.

Мындан тышкары долбоордун алкагында 2020-2021-жылдар үчүн орусиялык азык-түлүк товарларын сатып алууга кошумча дагы 10 миллион доллар бөлүнөт.

Тажикстанда бул долбоор 1999-жылдан бери иштеп келет. Москва ага 2010-2015-жылдары 35,5 миллион доллар бөлгөн. Андан бери долбоорду каржылоо мөөнөтү жыл сайын узартылып келет.

Элчи Игорь Лякин-Фроловдун айтымында, бул Россиянын Тажикстандагы эң ири долбоорлорунун бири жана анын жалпы бюджети 80 миллион долларды түзөт. Мындай жардам берүү менен чектелбеген Россия жакынкы үч жылдын ичинде Тажикстанга беш мектеп куруп берери белгилүү болгон. Расмий Кремль бийлигинин тажик туугандарга болгон жылуу мамилеси мунун менен бүтпөйт. 12 жылдан бери орус туугандар Тажикстандагы мектептерге жардам көрсөтүп келишкени, 2017-жылы Россия Душанбеге 30, 2018-жылы 48 мугалим жөнөткөн.

Жардам бергени го жакшы. Тажик туугандар Россиянын бекер жардамына чекеси жылып, ашкере сүйүнбөшү деле керек. Океңдердин «бекер быштак капканда гана болот» – деген кебин же кыкеңдердин «орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр» – накыл кебин эске ала жүрсө дээр элек. 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *