Россияда кыргызстандык даватчы кармалды

   Мезгил

Россияда Кыргызстандан келген даватчы кармалды.

 Маалыматка ылайык, Кыргызстандык эркек чек араны мыйзамсыз кесип өтүп бара жатканда Смоленск шаарынын автобекетинен колго түшкөн. Текшерүүдө ал Россияда террористтик деп эсептелген «Таблиги Жамаат» диний уюмунун өкүлү экени аныкталды.

Эркек киши бир нече жылдар бою үгүт иштерин жүргүзүп келген. Эми ал депортацияланышы күтүлөт.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда “Таблиги Жамаат” диний агымына тыюу салынган эмес.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *