Россияда өткөн танк “биатлонунан” кыргыз аскерлери 2-орунду ээледи

Мезгил

Кечээ, 4-августта Москва шаарынын четиндеги “Алабина” полигонунда танк биатлону боюнча күч сынашып, Кыргызстандын курама командасы экинчи орунду ээлешти. Мелдешке Кыргызстандын, Россиянын, Ирандын жана Армениянын командалары катышкан.

Биринчилерден болуп Россиянын командасы 18 мүнөт 55 секундда келсе, экинчи орунду Кыргызстан 25 мүнөт 37 секундда алды. Үчүнчү орунга Армениянын командасы 29 мүнөт 43 секундда келишсе, акыркы орунду сегиз мүнөт кеч келген Ирандын командасы ээледи.

Быйылкы АрМИ-2019 мелдешине 39 өлкөдөн чогулган 223 команда катышкан. Алардын ичинен биринчи жолу  Абхазия, Иордания, Камбоджа, Конго, Мали, Куба, Мозамбик, Шри-Ланка менен Түштүк Осетия мамлекеттери күч сынашышты.

Ал эми Франция, АКШ, Словакия, Түркия жана Мексика иш-чарага өздөрүнүн байкоочуларын жиберген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *