Россияда жаңы төрөлгөн балага “Ковид” деген ысым ыйгарылды

  Мезгил

Россияда ымыркайга Ковид ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Маалым болгондой, Новокузнецк шаарында жаңы төрөлгөн балага дүйнө элин дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирустун атынан коюшту. Ымыркайдын ата-энеси бул ысым буга чейин болбогону менен өзгөчө угулаарын белгилешет. Россияда коронавирусту 6 миң 343 адам жуктуруп алды.

Белгилей кетсек, Индияда буга чейин жаңы төрөлгөн кызга Корона деген ысым ыйгарылган. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *