Россиядан келген дарыгерлерди эмне себептен эч ким тосуп албаганын өкмөт түшүндүрдү

 Мезгил

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Бишкекке Россиядан ыктыярчы дарыгерлердин келиши боюнча кырдаалга байланыштуу түшүрдүрмө берди.

Билдирүүгө караганда, медицина кызматкерлерин тосуп алууга байланыштуу бардык уюштуруу иштерин Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзүп келген.

“Дарыгерлерди вице-премьер-министр  Акрам Мадумаров тосуп алышы керек болчу деп массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүү чындыкка дал келбейт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекеме жетекчилиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган. Бирок андан кийин министрликтин жетекчилиги келген медицина кызматкерлери менен жолугушту”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, күн мурун, 12-июлда атайын чартердик каттам менен коронавирус инфекциясына каршы күрөштө кесиптештерине көмөктөшүү максатында Россияда иштеген кыргызстандык 45 практик дарыгер жана медкызматкерлер учуп келген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *