Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алды

  Мезгил

 Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

 Анда айтылгандай,  өкмөт башчы коронавирус жуктурганы тууралуу өзү президент Владимир Путинге билдирген. Мындан ары изоляцияда болоруна байланыштуу премьердин милдетин аткаруучу катары Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштаган. Путин ал сунуштаган талапкерди жактырган.

Мишустин өкмөт штаттык режимде иштей берерин, ал президент жана кесиптештери менен байланышта болуп турарын кошумчалаган.

 Михаил Мишустин өкмөт башчылыкка ушул жылдын январь айында дайындалган. Ал 54 жашта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *