Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстанга 541 жаран алынып келди

  Мезгил

Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Кыргызстанга 541 жаран алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин билдиришти.

Маалым болгондой, “541 жаран Казакстан тарап менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында алынып келди. Алар коронавирустун жайылышына байланыштуу Россия менен Казакстандын чек арасында Казакстанда киргизилген өзгөчө абалдын аякташын күтүп калышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, эпидемиологиялык кырдаалдан улам Казакстандын бийлиги тарабынан көрүлгөн чектөө чараларына байланыштуу биздин жарандардын өзүнүн унаасы менен Казакстандын аймагынан өтүшү мүмкүн болгон эмес.

Транзиттик коридордун берилиши менен башында белгиленгенден көбүрөөк жаранды, анын ичинде аял жана балдарды алып келүүгө мүмкүн болду. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *