Роза Отунбаева: Мындай кара түн заман жок болчу эле Кыргызстанда

Мезгил

Өкмөт башчы айымдарды жетектөөчү кызматтарга дайындабай жатат. Эркек парламенттин  учурунда да мындай жок эле. Бул тууралуу бүгүн 6-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда Роза Отунбаева билдирди.

Анын айтымында өкмөт башчы жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындабай жатат. Мындай учур кыргыз саясаттында болгон эмес.

-Бая күнкү аймактык диалогдо тим эле кара түндөй болуп отурган эркектердин  көрүп, чоочуп да кеттим. Жалаӊ эркектер. Филорманияны туш тараптан келген 1200 эркек басып отурду. Аймактарды ошолор эле сүйрөйт экен. Ошолор билет экен.  Аялдар, силердин жасаган ишиӊер бир тамчы сууга да тете эмес экен.  Мына ошого биз күбө болуп отурабыз. Бүгүн 7 губернатор, 40 аким 35 мэр болуп калыптыр. Ушулардын баары бүгүн эркектер. Мындай кара түн заман жок болчу эле Кыргызстанда.

 

Жадагалса баягы эркек парламент келген учурда да мындай жок эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат элем.  Буйруктун, дайындоонун баары премьердин колунда. Орун басарлары да өкмөт башчынын колунда. Ушундай позицияларга жалаң эркектерди дайындайт. Биз, аялдар абдан нааразыбыз-деди Роза Отунбаева.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *