Роза Отунбаева узбек тилида гапирди

       Мезгил.

Бейишиң болгур журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда Ош шаарынын азыркы Масалиев, мурдагы аталышы Кыргызстан деген кең көчөдө белгисиз адам атып кеткен. Тапанчадан чыгарылган алгачкы ок Алишердин бутуна тийип, кулагандан кийин башына эки жолу ок чыгарылган. Маркум ошол жерден каза болгон. Voice of Ameriсa, RFE/RL-Ozodlik, BBC, Mashhad жана «Фергана.Ру» менен кызматташып келген Алишер өзбек тилинде «Сиёсат» (Саясат) гезитин чыгарып, ал Кыргызстандын аймагындагы өзбек тилдүүлөргө жана Өзбекстандын аймагында да популярдуу болуп турган. Журналисттин өлүмү буюртма экендиги тууралуу ошол кезде эле ачык сөз болгон.

Кийин Лейлек РИИБнын кызматкери делген Абуфарид Расуловду бул иш боюнча айыптап, 2009-жылы камакка алышып, 20 жылга эркинен ажыратат. 2010-жылы Жогорку Сот биринчи инстанциядагы соттордун чечимин ордунда калтырган чечим чыгарат. Андан соң жаңы ачылган жагдай боюнча айыпталуучу Алишер өлтүрүлгөн мезгилде туугандары менен тойдо болгондугу тууралу видео табылып, акталып кетет. Бирок Саиповдордун үй-бүлөсү бул киши күнөөлүү эмес, күнөөлүүлөр боштондукта жүрөт деп ишенишкен. Азыркы учурга чейин кылмыштын бети ачылбай, иш кыскартылып, журналист Алишер Саиповду ким өлтүрүүгө буюртма бергендиги аныкталбай кала берген. 

Алишер Саиповдун «КОММЕНТАРИЙ: УЗБЕКИ КЫРГЫЗСТАНА ПОДДЕРЖАЛИ «РЕВОЛЮЦИЮ ТЮЛЬПАНОВ»» деген интернеттеги макаласында Роза Отунбаева тууралуу жазылган жеринен үзүндү келтирели. Макала менен толук таанышкысы келгендер

 https://iwpr.net/ru/global-voices/комментарий-узбеки-кыргызстана-поддержали- шилтемесин интернет аркылуу издегиле  Тексттин маанисин бузуп албоо максатында келтирилген үзүндүлөр орус тилинде, кыргызчага которулбай берилди:

  1. «В начале февраля лидер движения «Атажурт» Роза Отунбаева выступила на узбекском языке перед избирателями этнического узбека Анвара Артыкова.

Уже тогда я заметил, что «лед тронулся». Люди начали симпатизировать ей. «Роза – молодец, она – женщина-палван (богатырь!)», – говорили узбекские аксакалы».

  1. «После первого тура парламентских выборов в Оше начались митинги. Люди вышли на площадь. 1/3 митингующих составляли узбеки – сторонники Анвара Артыкова. Они выдвигали в основном не политические требования, в частности, призывали к проведению честных повторных выборов».
  2. «Многие аксакалы в качестве кандидата в президенты поддержали бы Розу Отунбаеву, но женщины-узбечки против. Они считают, что женщина должна следовать традициям и не заниматься активной политикой».

Алишер Саипов, корреспондент ИА «Фергана».

 Биз Алишер Саиповдун жазган макаласынан болгон фактыларды гана келтирдик. Суроо туулат.

  • 2005-жылы Роза Отунбаеванын Анвар Артыковду колдоп этникалык топтун алдында өзбек тилинде сүйлөөгө эмне түрткү болду?
  • Бул эки инсанды ошол кезде кандай кызыкчылыктар бириктирип турган?

Жооп издесек ондогон себептер бар экен. Көрсө 2010-жылы Кыргызстандын Конституциясы өзбек тилинде жазылып таратылышына 2005-жылы эле Роза Отунбаева жол баштап берген турбайбы…

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *