Руслан Чойбеков Балыкчыга бодо мал союп, соопчулук кылууда

     Мезгил

Парламенттеги мурдагы эл өкүлү, айтылуу алко-магнат Шакинин арты менен агарып-көгөрүп, алтургай өмүр баянына “Жогорку Кеңештин депутаты болгон” деген из калтырган Руслан Чойбеков Балыкчыга катар-катар бодо мал союп, соопчулугун кылууда. Ылайым кабыл болсун! Руслан Чойбеков кайрымдуулук иш-чарасын эки негизде өткөрүп жатканы сокурга деле маалым.

Биринчиси, калк башына түшкөн апаатта ак халатчандар менен жардамга муктаждарга чын көңүлдөн жылуу мамиле жаратса, экинчиси, алдыдагы аламан жарышты утурлай элдин көңүлүн алуу менен алпурушууда. Жакында Балыкчы калаасынын ооруканасында эмгектенген ак халатчандар үчүн Руслан Чойбеков үч уйду көтөрө чаап, соопчулук иш кылды. Албетте, кыла берсин, бере берсин! Ушундай иш-чараны мындан ары шайлоо болчу убакты утурлабай, кыш чилдеде же жазгы үзүмчүлүктө кыла жүрсө не? Антпесе, аламан алдында булардын мындай кадамдары шайлоочулардын добушун сатып алганга барабар да, туурабы? 

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *