Руслан Казакбаев өкүл баласына батасын берип, жарышка салды

Мезгил

2012-жылдан бери “Республика” партиясынын шайлоо маалындагы штаб башчылыгын Руслан Казакбаев аркалап келет. Алдыдагы аламан жарышты кошкондо дасыккан дипломат төртүнчү ирет эң чоң саясый күчтүн штабын башкарып, бул жагынан кыйла ийгилик жаратып келгени эсибизде. Мына ушундай кыл чайнашкан кыйын кырдаалдарда Руслан Казакбаевдин колуна-кол, бутуна-бут болуп, “кара жумуштун” баарын аткарышкан Канат Мидин уулу аттуу чыйпыт кадр бар экенин көпчүлүк биле бербейт! Канатка кадимки Руслан Казакбаев бир эседен өкүл атасы да болгонгобу, жанына ишенимдүү жандооч кылып, арка-жөлөк болуп келет. Дал ушул бүткүл “Республика” партиянын өкүл баласындай түс берген Канат Мидин уулу да алдыдагы аламанга алдыңкы тизменин катарында аттанып, калайманды кичи мекени Жумгалдан эмес, Бишкек шаарынан салууга киришти. Спорттун дзюдо жаатынан ийгилик жараткан “бала баатырда” билим, көрөңгө жагынан кеп жок. Жаңы муундагы, жаңы фармациядагы табына келип турган күлүк десек да жарашат. Кезегинде анын чыйрактыгы менен ашкере тыңдыгына партлидер Өмүрбек Бабанов да таңдануусун билдирип, жылуу пикирде калган жайы бар. Не дейбиз, булганбаган, башкысы таза кадрга мындай шартта ийгилик гана каалайбыз. Өкүл атасы деле өкүл баласынын табына келгенинен улам жарышка салды да, туурабы?

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *