Рыскелди Момбеков: «Айкырсаңар аялыңарга, кыйкырсаңар кызыңарга кыйкыргыла»

   Мезгил.

Депутат Рыскелди Момбеков айкырсаңар аялыңарга, кыйкырсаңар кызыңарга кыйкыргыла. Силер минтип кырдаалды курчутасыңар, ким күнөөлүү экендигин тергөө аныктайт. Азыр ошонун мыйзамдуулгун карайлы – деп сөз баштады. Андан ары:

 – Урматуу Башкы прокурор атайын операция деген эмне?

Тийштүү органдардын бирдиктүү жүргүзгөн иш аракеттери.

– Аны ким иштеп чыгат?

– Ар бир органдын тийиштүү мыйзамында каралган.

– Бул токтомдун негизинде жүргүзүлдүбү же атайын операция болдубу?

– Сиз Батукаевдин иши боюнча жакшы билесиз? Мыйзамдын талабы боюнча 3 жолу чакыруу берилди.

– Сиз толук канду жооп берген жоксуз. Атайын операциянын планы болот.

– Атайын иш чара боюнча тийиштүү органдын жетекчиси жооп берсин.

– Памир Асанович тергөөчүнүн токтомун окуп бериңизчи?

– Жанымда көчүрмө жок.

– Биз билишибиз керек да. Өткүрбек Жамшитович Саммит өткөндөн киийн өткөрсөк болбойт беле? Же силер президенттин имиджине каршы иштедиңерби?

– Бул жерде бирөөнүн имиджине каршы иштөо деген жок. Баары мыйзам талаасында жүрүп жатат. Тергөөчүгө буйрук бере албаймын – деди Баш прокурор.

Андан ары Памир Асанович соттун санкциясы жок экендиги, Атамбаев курал колдоном дегени эске алынып иш УКМКга берилгенин айтты. «Атамбаевге ИИМдин кызматкерлери барса болбойт беле? «Альфаны» неге алпардаңыр?» деген суроо да алгылыктуу жооп таппады. Рыскелди Момбеков «Сиз өзүңүз жакшы билесиз?» деген сөзгө «Мен эмне коопсуздук катчысы белем» деп эмоция менен сүйлөдү.

– ИИМ кырдаалды курчутпагыла, алдын ала маалымат таратпагыла. Массалык баш аламандыкты уюштурду деп жатасыңар, алгач корутундуну чыгаргыла. Силер Кой-Ташка барып башаламандык уюштуруп жатпайсыңарбы? Дарбазадан секирип түшкөндү эл көрүп жатат. Алар коргонуп жатса, силер баш аламандык уюштурду деп жатасыңар. Биз элди бириктирүү үчүн элчилик кылалы – деди депутат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *