С. Исаков 18 жылга кесилип, 247 млн 650 миң сом төлөмөй болду. Мира Карыбаевага 260 миң сом айып салынды

Мезгил

Бүгүн, 9-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңылоо боюнча соттук иштин акыркы чечими чыкты.

Айыпталуучулар — мурунку премьер-министр Сапар Исаков менен мурунку президенттин кеңешчиси Мира Карыбаева.
Судья Марат Садыков Исаков менен Карыбаеваны күнөөлүү деп тапты.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков Кылмыш-жаза кодексиндеги 319-берененин 2-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле ал келтирилген чыгым — 247 млн 650 миң сомду төлөп бериши керек.
Буга чейин С.Исаков Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаева Жазык кодексиндеги 320-берене менен күнөөлүү деп табылды. Ага 260 миң сом айып салынды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *