Сүйүн Өмүрзаков тапанча атып, кубок жана алтын медалга татыктуу болду

Мезгил

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер арасында өткөн спорттук иш-чарада ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков “Макаров” тапанчасынан ок атуу боюнча мелдешке катышкан. Ал жалпысынан 87 упай топтоп, биринчи орунду багындырып, алтын медаль жана кубокко татыктуу болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Спартакияданын программасына спорттун 16 түрү кирген. Алар — кол күрөш, бильярд, волейбол, оордук көтөрүү, дартс, кичи-футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, ок атуу, күжүрмөн ок чыгаруучу куралдан ок атуу, үч тапан, тогуз коргоол, самбо, шахмат жана аркан тартуу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *