Сүйүнчү пул алуунун шарты дагы жеңилдеди

Мезгил

“Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуу шарттары дагы жеңилдеди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, эми балага сүйүнчүнү ата-эне банктан атайын эсеп ачтырбай эле ала алат. Арыз жазып тапшырган учурда ыңгайлуу банкты тандап, «балага сүйүнчү» акчалай төлөмүн 7 күндүн ичинде паспорту менен барып алууга болот.

Азырынча бул жумушчу  долбоор Сокулук, Аламүдүн жана Бишкектин Свердлов райондорунда жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамдын «Балага сүйүнчү» пункту ишке кирип, төрөлгөн бардык ымыркайга 4 миң сомдон  берилүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *