Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги кайрадан жасалат

  Мезгил

Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөсүндө орнотулган ССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги алмаштырылат. Бул тууралуу Бишкек  мэриясынан билдиришти. 

Маалым болгондой, «Сүймөнкул Чокморов» атындагы коомдук фонд мурда орнотулган эстеликти алуу ишине 20-октябрда киришип, 17-ноябрга – Кыргыз кино күнүнө карата бүткөрүлмөкчү.

Мурда орнотулган эстелик скульптор Алмаз Кожогелдиевдин эмгеги болгон. Ал эстеликке карата бир катар сын айтылган. Көпчүлүк эстеликти Сүймөнкул Чокморовго окшоштурган эмес. Мындан улам  эстеликти  алмаштыруу чечими кабыл алынган.  

 Азырыкы жаңы эстеликтин авторлору -скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев. Алар эстеликти кайра калыбына келтирүү ишин 17-ноябрга чейин бүтүрүшөт.

Эске салсак, Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги 2017-жылы орнотулган. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *