Маркум Үсөнбек Ниязбеков “Эрдик” медалы менен сыйланды

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясында каза болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков “Эрдик” медалы менен көзү өкөңдөн кийин сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Буга ылайык бүгүн, 28-август күнү президент Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол койду.

Белгилей кетсек, УКМКнын атайын даярдыктагы жоокери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда көкүрөк тушуна ок жеп каза болгон. 9-августта Ниязбеков «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюулган. 14-августта анын өлүмунө шектүү адам кармалгандыгы жарыяланган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *