Сабиржан Абдикаримов: Коронавирус менен ооруган бейтапты дарылоого 3 миң доллар эмес, 118 миң сом кетет

  Мезгил

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыныда депутат Эмил Токтошев Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдон “коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылоого 3000 миң доллар сарпталаары айтылды ушул туурабы?” деген суроо узатты.

Министр депутаттын бул суроосуна “Биз бейтаптарды дарылоо боюнча 4 этапка бөлгөнбүз. Алар жеңил фомасы, орточо, оор, жана өтө оор деп бөлүнгөн. Жеңил формасы 7 мңдин тегерегиндеги акча, ал эми эң оор формасына 118 миң сом  сарпталат. Бул дарылаганга кеткен акчаларлардын чыгымдары   атайын буйрук менен бекилген. Эл арасында айтылган сөздөр Өзбекстанды мисал кылып койгон. Учурда жумушчу төп түзүп кеткен чыгымдарды эсептеп жатабыз” деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде коронавирус менен ооруган бир бейтапты дарылоого болжол менен 3 миң доллар кетээрин айткан.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *