Сабиржан Абдикаримов: Жакында калктын аярлуу катмары эмдөөдөн өткөрүлөт

Мезгил

   Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

 Министрдин айтымында кечээ сасык тумоого каршы 119 миң 600 вакцина келди.

Азыр алар аймактар боюнча бөлүштүрүлүп жатат. Жакынкы аралыкта калктын аярлуу катмары эмдөөдөн өткөрүлөт.

Сатып алынган вакцина Россияда өндүрүлгөн. Мындан тышкары дагы 700 миң вакцина алуу боюнча тендер жарыяланган. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *