Сабырбек Жумабеков: Пневмония эч кандай симтомдору жок эле пайда болуп атат. Бул өтө коркунучтуу

  Мезгил

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков Facebook баракчасын  пневмония эч кандай симтомдору жок эле пайда болуп жактанын жазды.

 «Урматтуу бейтаптар өпкө оорусу пневмония эч кандай симтомдору жок эле пайда болуп атат. Бул өтө коркунучтуу. Энтигип келгендердин көбүндө өпкөнүн 50% пайыздан ашыгы пневмония болуп калган. Ошол үчүн өпкөгө жете электе, симптомдор башталары менен атибиотикалык терепияны башташ керек.  Үйдө дарыланууну токтотуп дарыгерлерге баргыла, дарыгерлердин көзөмөлүндө гана дарылангыла.

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун филиалы Гансиде бейтаптар бул илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарыла баштады, кубанычтабыз. Бирок, тилекке каршы жаңы ооругандар азайган жок»,-деди ал.

Белгилей кетсек, март айынан бери пневмониядан жалпы 195 адам көз жумду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *