Садык Шер – Нияз: “КТРК “Кыргызтелефильм” турганда сериалдарды тартып, каражат коротпой эле коюш керек”

   Мезгил

Бүгүн, 27 – майдагы Жогорку Кеңештин комитети   Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчётун укту. Бул  тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.   

   Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын иш сапарларын чагылдыруу улантылып, коомчулуктун негизги талаптары талданып турган. Бул багытта маалымат берген  КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Ж.Жекшеев, –“Көчмөндөрдүн 3 – дүйнөлүк оюндарын өткөрүү, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын, КТРКнын 60 жылдыгын белгилөө сыяктуу ири маарекелер былтыркы жылдагы аткарылган негизги иштерден болду. КТРКнын жаңы жетекчисинин шайланышы да калыстыктын ачыктыгын көрсөттү”, – дейт.

Талкууда депутат Аида Исмаилова КТРК аркылуу кетип жаткан дары – дармектерди рекламалоодон түшкөн кирешелерге кызыкты. Ошондой эле жарнамаларды жайгаштырууда, иш кагаздарынын текшерилиши кандай тартипте жүргүзүлөөрүн тактады. Бул суроого жооп берген КТРКнын Башкы директору Жайнак Үсөн уулунун маалымдашынча, жалпы жарнак иштеринин 1%ы – дары – дармектерге туура келсе, 5%ын социалдык жарнамалар түзөт.

Депутат Садык Шер – Нияз КТРК “Кыргызтелефильм” турганда сериалдарды тартып, каражат коротпой эле коюш керектигин эскертти.

Депутат Тазабек Икрамов телепрограммалардын позитивге көбүрөөк ыкташы керектигин айтып, негативден оолак болбосок, көрүүчүлөрдүн, анын ичинде жаш муундардын психикасын негативге толтуруп албайбызбы? – деп чоочулады.

 Талкуу жыйынтыгында КТРКнын Байкоочулар кеңешинин 2018 – жылдагы отчету тармактык комитеттин жактыруусуна ээ болду. Эми бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *