Садыр Жапаров: Эң оору балаңды, ата-энеңди жоготуу экен.  Кайгыдан кан жутуп отурам

 Мезгил 

Бүгүн, 28-августта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты учурда камактагы Садыр Жапаровдун  каза болгон  тун уулу Дастанды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Анда Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына жөнөткөнү үчүн президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билидирди. Ошондой эле кайгыдан кан жутуп жатканын айтты.

Бул Кудайдын буйругу экен. Негизи жакынынын тажиясына катышууга жол берилбейт экен. Мыйзамда жазылбай калыптыр. Мени уулумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жөнөткөнү үчүн президент Сооронбай  Жээнбековго рахмат. Аз да болсо, көксөөм канды. Дастандын бейишин берсин деген тилегиңиздер кабыл болсун. Эки жыл мурда атамды, анан апамды, эми баламды жоготтум. Ар бирибиздин башыбызда жамандык бар, ошону Кудай кечинен берсин деп тилейли.

Дастан уулум, мени кечир, сени үйлөнтө албай калдым. Эң оору балаңды, ата-энеңди жоготкон экен.  Кайгыдан кан жутуп отурам-деди Жапаров.

Белглией кетсек, Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан улам каза болгон.

Каргашалуу окуя 22-августта катталган. Ал төрт күн комада жатып, 26-август күнү үзүлгөн.  Дастан  мотоцикл менен келе жатып авария болгону айтылууда.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *