Садыр Жапаров: Камчы досум бир куртка алып келип берди баасын сураган жокмун

    Мезгил

Садыр Жапаровдун кийген кымбат баалуу кийимдери социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Ал эми бул тууралуу Садыр Жапаров телеканалдардын биринде маек берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди.    

 «Камчы досум бир куртка алып келип берди. Анын деле баасын сураган жокмун. Балким аны эртең кийип чыксам, аны деле сындашы мүмкүн. «Мекенчилдер» Москвадан, Казандан чогулуп, кийим алып, берип жибериптир. «Башын куттуктаганыбыз болсун» деп. Эми достордон, туугандардан ар түрдүү кийимдер келди. Ошол кийимдерди эле кийип жүрөм. Эл кийген эле кийимдер. Бирок баасын сурабайм, кызыкпайм дагы. Кымбат же арзанына карабайм, мага жарашыктуу болсо кие берем. Өзүм дүкөндөн же базардан барып кийим албайм. Келинчегим алып келип берет», — деди Жапаров.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *