Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбайт

     Мезгил

Саясатчы Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда  бошотулбайт. Бул тууралуу 6-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жазык кодексинин 2017-жылдагы редакциясына ылайык, соттолгон Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жаза мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт. Себеби уюшкан кылмыштуу топтун курамында кылмыш жасаганы үчүн соттолгон адамдарга андай чара колдонулбайт. Ошондой эле уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш кылып соттолгондор жатак абакка которулбайт.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында “Кумтөр” боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан, өзү чет элден кайтып келе жатканда кармалып, камакка алынган.  УКМК жолугууга жол бербей, чек ара күзөт бекетинен кармап кеткен.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен “барымтага алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.

Жапаров 2020-жылы 6-февралдан тартып жатак абакка которулушу керек экенин анын адвокаты Шарабидин Токтосунов  5-январда кабарлаган. Ал Жапаровду жатак абакка которуу тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын чечимин да жарыялаган. Адвокат аталган мекемени «мурдагы чечиминен баш тартып, мыйзамды туура эмес чечмелеп жатат» деп сындаган.

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *