Садыр Жапаров жатак абакка которулат

Мезгил

Саясатчы Садыр Жапаров 5-февралда №1 түзөтүү абагынан жатак абакка которулат. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди. 

Жактоочунун айтымында мыйзам боюнча Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-февралына чейин түзөтүү абагында мөөнөтү аяктап, андан кийин жатак абакка которуу мөөнөтү келди. Аны Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан түзүлгөн комиссия карап чыгат. Эгерде ал түрмөдө отурганда тартип бузбаса, кылмыш иштин алкагында карызы жок болсо, жатак абакка чыгарат.  

Эске салсак,  Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдогу митингде «бийлик өкүлүн барымтага алууга» күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *