Садыр Жапаровдун уулу каза болду

Мезгил

Мурунку депутат Садыр Жапаровдун уулу Дастан каза болду. Дастан Садыр уулу 22-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында жумуштан чыгып, үйүнө кетип бара жаткан учурда С. Э. аттуу адам жол эрежесин бузуп, сүзүп кеткен. Бул учурда Дастан Садыр уулу мотоцикл менен бара жаткан. Мотоциклден кулап түшкөндө С. Э. машинасын токтотуп калбастан машинасы менен Дастандын үстүнөн тебелеп өтүп кеткен. Бул каргашалуу окуя видео байкоого түшүп калган.

Кошумчалай кетсек, Дастан №4-шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болгон. Ал1992-жылы 14-августта туулган.

Эске салсак, Садыр Жапаровду камакка алганда анын тарапташтары каршылык акциясына чыгышкан. Ага Жапаровдун баласы Дастан да катышып, аны милиция кармап, ур-токмокко алган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *