Сагын Исмаилов Балыкчыдагы шектүү ишке көңүл бурбаса болбой калды

    Мезгил

Редакциябызга Балыкчыдан куш тилиндей кат келди. Тереңине үңүлсөк, кайрылуу кат өлкө жетекчиси менен баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго жолдонуптур. Анда Балыкчы гарнизондук аскер прокуратурасынын өндүрүшүндөгү сотко чейинки (№03-804-2020-000007) ишти баш прокурор өз көзөмөлүнө алып, болгону мыйзамдуулукту көзөмөлдөп берсе дегендей кыйытышкан. Кызыгы, бул иш буга чейин да ММКларга жарыяланганына карабай, прокуратура тергөөнү Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрсө, андагы МЕНТтер да бул маселеге салкын мамиле жасап жатышканы айтылууда. Биз окурмандардан келген каттын мазмунун гана чагылдырдык. Өзөгүн аскердик билетти мыйзамсыз берүүдөгү кыңыр иш камтылган бул маалыматты прокуратура менен ИИМ бири-бирине түртө салып жатса, анда маселени УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызмат иликтей койсо шектүү жагдайлардын бети ачылат беле? Бул жагын аталган кызматтын башчысы Сагын Исмаилов көңүлүнө алса Балыкчыдагы шек жараткан күмөндүү жагдайларга чекит коюлабы?

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *