Сагынбаев: Кирешелери менен чоң чыгашаларын жаап-жашыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат

   Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

 Сагынбаевдин айтымында Коопсуздук кеңешинин катчысы декларациялоо чөйрөсүндөгү  мыйзамдарды жакшыртуу максатында 2019-жылдын ноябрынан тарта «Кыргыз Республикасынын „Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды убактылуу ээлеген же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгашаларын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тууралуу“ 2017-жылдын 2-августундагы № 164 мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу багытында иш жүргөндүгүн кошумчалады. Бул мыйзам долбоору антикоррупциялык жаңы иштиктүү механизмдерди киргизет, бардык деңгээлдеги чиновниктердин чыгашалары менен кирешелерин көзөмөлдөөнү кыйла катаалдаштырат. Бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн негиздерди экиден сегизге чейин көбөйтүү каралууда.

Бүгүнкү күндө колдонуудагы мыйзамдарда бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн эки гана негиз каралган (маалыматтардын чындыкка дал келбеши жана кирешелери менен чыгашаларынын туура келбегендиги жөнүндө маалыматтардын келиши). Бир катар чет мамлекеттердин тажрыйбаларын иликтөөнү эске алуу менен мыйзам долбоору аркылуу декларацияларды толук текшерүү үчүн бул тизмени дагы алты негиз менен толуктоо каралууда.

«Аталган мыйзамдын кабыл алынышы менен биздин декларациялык компания кыйла натыйжалуу болот. Өздөрүнүн кирешелери менен чоң чыгашаларын жаап-жашырып келген адамдар эртеби-кечпи кылмыш жоопкерчилигине тартылышат», — деди Дамир Сагынбаев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *