Сайдулла Нышанов: Трассада фара күйгүзбөгөндөр үчүн айып пул алынып салынса

  Мезгил

Парламент депутаты өкмөттөн трассада баратып фара күйгүзбөгөндөр үчүн алынуучу айып пулду жоюп салууну суранды. Сайдулла Нышанов бул эрежени авточырактарды өндүрүүчүлөр сүрөп чыгарган деп эсептейт. Андыктан өкмөт автоунаанын күйгүзүлбөгөн фаралары үчүн салынуучу айып пулду жоюп салышы керек.

“Бизде шаар четинде, эгерде күн чакчайып тийип турса дагы, фаралар күйгүзүлгөн эмес деп айып пул салышат. Бул эрежелерди товарларын сатууга жанталашкан авточырактарды өндүрүүчүлөр сүрөп чыккан. Өкмөт муну жоюш керек”– деди Сайдулла Нышанов.

Бирок күркүл депутаттардан айырмаланып, “малолитражка” айдаган Сайдулла Нышановдун айдоочулук стажы канчалык экендигин так билбесек да, анын жол коопсуздугу боюнча кабыл алынган мыйзамдар эмне максат, эмне себептерден улам кабыл алынгандыгын билбей эле маселе көтөрө берет тура, жарыктык киши деген пикирге келдик. Трассаларда фара жандырып жүрүү эл аралык нормалардан улам кабыл алынган. Россия, Казакстан сыяктуу кошуна өлкөлөрдө да жагып жүрүшөт. Буга чейин да Нышанов көтөргөн маселени көтөрүп чыккандар болгон. Фараны жандырбай жүргөнгө караганда жандырып жүргөндүн пайдалуу жактары көп экендиги буга чейин айтылып келген. Фара жандыруунун түпкү мааниси жарандардын коопсуздук маселесине барып такалат.

Ал эми эл өкүлүнүн фара өндүрүүчүлөр бул мыйзамды ойлоп тапкан дегени күлкү келерлик сөз. Фара жандырып жүрүүдөн фара айнеги сынып калбайт. Эгерде лампочкасы жарактан чыкса, биртике акчага сатып алып, колдо эле алмаштырып койсо болот. Трассада фара жагып жүрүп чыгымга учураптыр, лампочка алмаштыра берип чөнтөгү жукарыптыр дегенди уккан киши барбы? Эл өкүлү андан көрө айдоочулардан фарасын жандырбагандыгы үчүн айып пул салып, ЖКККБ байып жатат десе дурус болмок беле?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *