Сайдулла Нышанов: Туристтерден түшкөн 10 долларга экономиканы көтөрөбүз

    Мезгил

2018-жылы Кыргызстанга 7 миллион турист келип кеткен. “Ата Мекенден” чыккан депутат Сайдулла Нышанов бүгүн парламенттеги Бюджет жана финансы комитетинин жыйналышында ушул туристтерден 10 доллардан акы албайлыбы деген жаңылык киргизди. Анын айтымында туристтер үчүн бул көп деле сумма эмес имиш. Жыйналган акча менен экономикабызды өңөп алсак болчудай экен.

Эл өкүлүнүн айтымында 10 долларды туристтерден аэропорттон учак конгон кезде эле алса болот. Бул кезде депутаттар бюджет боюнча маселени талкуулап жатты эле. “Ата Мекенчи” депуттаттар акыркы кезде парламенттен кызыктуу маселелерди көтөрүп келишет. Сайдулла Нышанов да бир кызык ишти айтты да. 10 доллар менен экономикабызды канчалык жакшыртаар экенбиз?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *