Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ишке чыкты

Мезгил

 Бүгүн, 3-августта саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ишке чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан  билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр стационардык дарылануудан кийин дагы бир жума үй карантининде болгон.

“Министр жок болгон мезгилде анын милдеттери убактылуу орун басары Мадамин Каратаевге жүктөлгөн. Бүгүндөн тартып министр штаттык режимде иштеп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, министр Сабиржан Абдикаримовдон пневмония  оорусунан дарыланып жаткан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *