Саламаттык сактоо министринин орун басары: Эгер коронавирус катталса биз толугу менен даярбыз

Мезгил

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев журналистердин суроосуна жооп берип жатып эгерде бизге да коронавирус аныкталса өлкө бул илдет менен күрөшүүгө толугу менен даяр экендигин айтты.  

 «Кудай сактасын! Эгер коронавирус учуру каттала турган болсо биз адамды изоляция кылып, өзүнчө тиешелүү иш аракеттерди көрөбүз.    Биз буга максималдуу даяр болуп турабыз. Бардык керектүүлөр бар. Биз азыр толугу менен даярбыз. Коронавирусту жашырып жатышат деген сыяктуу маалыматтар калп.»-дейт Каратаев.

Белгилей кетсек, учурда коронавирустан 2 699 адам каза болсо,   80 миң 75 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми 27 миң 508 адам дарыланып, ооруканадан чыгарылган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *