Саламаттыкты сактоо министри: Эс алуу күндөрү транспортту токтоттук эле, көп кишилерди көргөн жокпуз

   Мезгил

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жарандарды элементардык эрежелерди сактоого чакырды.

«Элементардык санитардык эрежелерди сактасаңыздар. Эң негизгиси бет кап кийип, колду бат-баттан жууңуздар. Той-топурларга, чакырган жерлерге барбасаңыздар. Бүгүнкү күндө бирөө жугузуп келип, үйүндө канча киши болсо ошонун баарына жугуп жатканын далилдеп жатабыз. Мындан сырткары, эс алуу күндөрү транспортту токтоттук эле, көп кишилерди көргөн жокпуз. Эгер абал курчуй берсе кээ бир жерлерди жапканга, чектөө киргизгенге муктаж болобуз-деди минитср.   

 Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус инфекциясы тездик менен жайылууда. Учурда бул илдетти жуктуруп алгандардын саны 5017 адамга жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *