Саламаттыкты сактоо министри менен анын орун басары ооруп жатышат

   Мезгил

Бүгүн, 9-июлда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, анын орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруп жатканын Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

 Онлайн брифингдин жүрүшүндө «саламаттыкты сактоо министри менен анын орун басары коронавирус жуктуруп алды деген маалымат чынбы?» деген суроо узатылды.

«Алардын учурда абалы канааттандырарлык. Алар оорусу боюнча дарыланып жатышат.  Алардан алынган анализдин жыйынтыгы менен кошумча маалымат беребиз”, – деди ал.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри жана анын орун басары пневмония илдетине чалдыкканы айтылган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *