Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жумушка качан чыгаары айтылды

   Мезгил

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эртең, 6-августта жумушка чыгат. Бул тууралуу бүгүн,   онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, Н.Үсөнбаевден коронавирус инфекциясы аныкталган.

«Ал Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланды. Айыккандан кийин үйүнө чыгарылган. Эртеңден тарта жумушка чыгат», – деди Акматова.

Белгилей кетсек, пневмонияга чалдыккан саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов да айыккан. Министр 3-августта жумушка чыккан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *