Саламаттыкты сактоо министрлиги: Хижама ыкмасы менен коронавирусту айыктырууга мүмкүн эмес!

  Мезгил

Хижама ыкмасы коронавирусту дарылабайт. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо  министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Хижама медициналык протоколдордо дарылоо ыкмасы катары колдонулган эмес.

«Хижама вирусту дарылайт деген билдирүүнү айрым медиктер дагы колдогону айтылып жатат. Хижамага барбагыла, андан алыс болгула», — деди Айнура Акматова.

Белгилей кетсек, буга чейин  хижаманы вирусту дарылоо үчүн колдонсо болорун интернетке тараган.  

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *