Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкеринен коронавирус аныкталды

Мезгил

Саламаттыкты сактоо министрлиги эки кызматкерге коронавирус жукканы тууралуу маалыматты бүгүн, 14-апрелде билдирди. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, алардын бири ыкчам штабдын ишине катышкан ведомство алдындагы саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкери. Ал эми экинчиси күзөт кызматынын кызматкери болчу.

«COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынды. Жыйынтыктары коронавирус жок экенин көрсөттү.

Ооруну жуктургандар обсервацияга алынып, тийиштүү түрдө дарыланууда», – деп айтылат расмий маалыматта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *