Салянова: Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим. Күнөөлүү адам жоопко тартылышы керек

Мезгил

 Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова  камактагы экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда билдирди.

“Мен Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим. Жалпылап айта турган болсом, ал киши көрсөтмө бергенин өзүнүн оозунан билем. Мен ошону айтып бердим. Бул иште күнөөлүү адам жоопко тартылышы керек. Себеби күнөөлүү адамдын артынан канча адам жабыр тартты. Демек, жооп бериш керек. Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаев менен беттешкенде ал адам мага каршы эч нерсе айта алган жок. Алдыда да айта албайт деп ойлойм”, – деди Салянова.

Муну менен катар эле Салянова Азиз Батукаевдин иши боюнча бир катар адамга, анын ичинде өзүнө да айып коюлганын, анын тергөөдөгү макамы өзгөрүлбөгөнүн жана иши сотко өтө элек экенин кошумчалады.

 Белгилей кетсек,  15-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыгарган.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *