Салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды

   Мезгил

Физикалык жана жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Бул тууралуу   вице-премьер-министр  Эркин Асрандиев билдирди. 

Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу Республикалык штабдын чечими менен салык төлөөчүлөр үчүн бир катар салыктык жеңилдетүүлөр киргизилүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу   Мамлекеттик салык кызматы айрым учурларды кошпогондо ишкерлик субъектилерин салыктык текшерүү ишин, ошондой эле буга чейин башталган көчмө текшерүү жумуштарын токтотмокчу. 

Вице-премьер-министр билдиргендей, салык процедураларын фискалдаштыруунун алкагында бир катар долбоорлорду ишке киргизүүнүн, аны менен бирге электрондук эсеп-фактураларын жана мунайзат продуктуларына товардык-транспорттук электрондук коштоочу кагазды милдеттүү түрдө колдонуунун, 2020-жылдын 1-июлуна чейин виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналарды сыноонун мөөнөтүн жылдыруу чечими кабыл алынды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *