Салык кодексине өзгөртүүлөр кирди

    Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштерди жүргүзгөн тоо кендерин казып алуучу жана тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканаларга киреше салык салуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле роялти салыгынын базасын жана анын ставкасын тактоо болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *