Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков  «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардагы салык режими боюнча салыктык укук мамилелерин жөнгө салууну жакшыртуу.

Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *