Мамлекеттик салык кызматынын башкы инспектору кармалды

   Мезгил

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

 Маалым болгондой, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчилиги тарабынан ири суммадагы акча каражатынын чыгарылып кетиши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Табылган далилдердин негизинде 14-августта башкы инспектор А.М. колго түштү. Ал «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын сынактарына катышкан айрым компаниялар менен байланышта болуп, аталган коррупциялык схемада негизги ролду аткарган.

«А.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Жазык кодексиндеги 319-берене боюнча шектелип жатканы билдирилген. Ал эми 15-августта Биринчи май райондук соту тарабынан аны камакка алуу чечими чыкты. Учурда тергөө жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *