Салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө айып салынып, ар бир күн үчүн туум кошулат

Мезгил

Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөбөгөндөр үчүн рейдерлик иш-чараларды уюштуруп, салыкты төлөбөй жүргөн жарандарды табуу аракетин жүргүзүшөт. Бул тууралуу аталган минстрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле мыйзам боюнча салыкты өз убагында төлөбөгөн транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 2-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *