Салымбековдордун бизнес империясы

 Мезгил

    Бизнесмен-саясатчы Аскар Салымбеков өзүн Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Рождество балына чакыргандыгы тууралуу жар салды. Ал тургай:

“Балким, өлкөнүн экономикасына кошкон салымым үчүн чакырышты. Балким, бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү болгонум үчүн чакырышкандыр. Менин ишмердүүлүгүмдү телевидениеден көрсөтүп келишет. Алар мунун бардыгын көрүп, мониторинг жүргүзүшкөндүр” – деп компоюптур.

Кыргызстанда дүйнөгө белгилүү болгон адамдар көп эле. Таланттуулар, спортчулар, сулуулар ж.б. Бирок алардын баарын Трамп же Елизавета эрте менен чогуу тамактанууга чакыра турган болсо, ал жакка учуп жете барууга авиабилетке тыйыны жете бербестиги айкын. Ал эми Салымбеков болсо бай-көпөс. Анын “өлкөнүн экономикасына салым кошуп жатам” дегени канчалык экендиги суроо туудурат. Салымбековду “дүйнөгө белгилүү болгондугум үчүн Елизавета II Рождество майрамына чакырып жатат” дегенге жеткизген жеке байлыгынын ченеми канчалык? Келгиле, бир гана Аскар Мааткабыловичтин эле эмес, жалпы Салымбековдорго тиешелүү бизнес-империянын босогосун аттап, байлыгына саякат жасап көрөлү.

Аскар Салымбеков дегенде “Дордой” базары көзгө тартылат. Белоруссиялык “Завтра твоей страны” аналитикалык порталы мурда СССРге кирген дөөлөттүү кишелердин дүйнөлүк, аймактык, мамлекеттик аброюн иликтеп чыккан. Анда тандалып алынган 11 кишинин ичинен Салымбеков 10-орунду ээлеген. 2016-жылы анын байлыгы 500 миллиондон 1,5 миллиард долларга чейин жетери айтылган. Бүгүнкү күндө байлыгы балким 2 миллиарддан ашып кеттендир, бирок, бул тууралуу так маалымат айтыла элек.

Аскар Салымбековдун ишканалары:

1) “Дордой базары” ЖЧКсы.

2) “Дордой – Жибек-Жолу” ЖЧКсы.

3) “Ай Кашка” ЖЧКсы.

4) “Маверик” ЖЧКсы.

5) “Дордой – Сервис” ЖЧКсы.

6) “Нарын – Намыс” социалдык өнүгүү фонду.

7) “Финансы консалтинг тобу ”.

8) “Дордой Фарм” ЖЧКсы.

9) “Дордой Энерго” ЖЧКсы.

10) “Умай Нур” ЖЧКсы.

11) “Дордой Ордо” ЖЧКсы.

12) “Дордой дары” ЖЧКсы.

13) “Дордой Секюрти күзөт-детективдик агенттиги” ЖЧКсы.

Уулу Улукбек Салымбековдун ишканалары:

1) “Синематика” ЖЧКсы.

2) “Дордой – Ордо” ЖЧКсы.

3) “Дордой – Плазма” ЖЧКсы (Баткен облусу).

4) “УБСК” ЖЧКсы.

5) “ФДП” ЖЧКсы.

6) “Мурас – Курулуш” ЖЧКсы.

7) “Хуалин – Дордой” ЖЧКсы.

8) “Дордой – Моторс” ЖЧКсы.

9) “Чу Вели Фудс” ЖЧКсы.

10) “Окулюс” ЖЧКсы.

11) “Кен – Бил” ЖЧКсы.

12) “Тешик – Таш” ЖЧКсы.

13) “Ак – Сай – Цемент” ААК.

14) “Элит Тревел Интернейшнл” ААК.

Улукбек Салымбеков “Дордой – Плаза”, “Дордой – Плазма”, “Космопарк”, “Мурас – Спорт” сыяктуу соода түйүндөрүнүн ээси жана кош ээси болуп саналат.

Уулу Кубатбек Салымбековдун ишканалары:

1) “Аламедин – Гранд” ЖЧКсы.

2) “Кой – Таш медициналык дарылоо борбору” ЖЧКсы.

3) “Лайв Тайм” ЖЧКсы.

4) “Кыргыз – Швецариялык банкы” ЖАК.

5) “Кыргыз – Швецариялык Европолис камсыздоо компаниясы” ЖАК.

6) “Дордой Трейд Маркет” ЖЧКсы.

7) “Дордой Фитнес” ЖЧКсы.

8) “Дордой Маркет плюс” ЖЧКсы.

9) “Дордой Плаза соода үйү” ЖЧКсы.

10) “Классик дом” көп батирлүү үйлөрдүн ээлеринин жолдоштугу.

Кубат Салымбеков 2013-жылы Москва шаарындагы ООО “ТРЕЙД РЕНТ ИНВЕСТ” ишканасынын 33% үлүшүнө ээлик кылат. Ал негизинен өздүк жана ижарага алынган кыймылсыз мүлк менен иш алып барат. Мындан сырткары 41 багыт боюнча да иш жүргүзөт.

Агасы Мамытбай Салымбековдун ишканалары:

1) “Кыргыз Мебель” АК.

2) “Шер и Ко” ЖЧКсы.

3) “AZIN” ЖЧКсы.

4) “Кен и Компани” ЖЧКсы.

5) “Жума” Дыйкан чарбасы.

6) “Дордой – Дыйкан” ЖЧКсы.

7) “Космопарк” ЖЧКсы.

8) “Ак – Таш – Дордой” ЖЧКсы.

9) “Дордой” кесиптик кошуну.

10) “Мурас Секюрти” коргоо кызматы.

Агасы Мамытбайдын уулу Жумабек Салымбековдун ишканалары:

1) “Дордой – Инвест” ЖЧКсы.

2) “Алико” ЖЧКсы.

3) “Дордой Транс Авто” ЖЧКсы.

4) “Дордой Паркинг” ЖЧКсы.

5) “Дордой Медикал Парк” ЖЧКсы.

6) “СТФ Сервис” ЖЧКсы.

7) “Консалтинг Финанс Тобу” ЖЧКсы.

8) “Интер Проф” ЖЧКсы.

9) “Альфа альянс” ЖЧКсы.

10) “Ферма” ЖЧКсы.

11) “Куатро Медиа” ЖЧКсы.

12) “Азия фуд трейд” ЖЧКсы.

13) “Алтын – Булак – Дордой” ЖЧКсы.

Агасы Мамытбайдын уулу Эркинбек Салымбековдун ишканалары:

1) “Дордой – Тур” Турагентсво ЖЧКсы.

2) “Теңир – Тоо – Нарын” ЖЧКсы.

3) “Агродизель LTD” ЖЧКсы.

4) “МеталлГруппМонтаж” ЖЧКсы.

5) “Дордой – Текстиль” ЖЧКсы.

6) “Зевс” ЖЧКсы.

7) “Дордой Маркет” ЖЧКсы.

8) “Фуд Сервис” ЖЧКсы.

Агасы Мамытбайдын кызы Зыйнат Салымбекованын ишканалары:

1) “ZIMALETTO” соода комплексинин директору.

2) “Дордой тур” туристтик агенттигинин кош ээси.

3) “Окулюс” медборборунун кош ээси.

4) “StartCom” ЖЧКсынын кош ээси. Бул ишкана “Sushi Room”, “Social Coffee” ж.б. бириктирген “Майрам” ресторандар түйүнүнө карайт.

Агасы Шаршенбадын уулу Ырысбек Салымбековдун ишканалары:

1) “Зигзаг” ЖЧКсы.

2) “Крафста” ЖЧКсы.

3) “ТехнноКомплекс” ЖЧКсы.

4) “Умай Нур” билим берүү борбору.

5) “Аламедин Секюрти” ЖЧКсы.

Агасы Шаршенбайдын уулу Райымбек Салымбековдун ишканалары:

1) Райымбекти унаа тетиктерин саткан “Дордой базары” ЖЧКсынын башкаруучусу деген маалымат бар.

2)  “Аламедин базары” ЖЧКсында да иштейт.

Салымбековдун башка туугандарынын ишканалары:

1) “AQUALAND” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү катары Иман Мааткабылов жана анын кызы Салымбекова Шахрезада Имановалардын ысымдарын Салымбековдордун империясына тиешелүү башка ишканалардан да кезиктирүүгө болот.

Салымбековдордун анчейин байкалбаган башка ишканалары

Аскар Салымбеков кезегинде Табылды Эгембердиев менен бирге Кытай жергесинде “Дордой – Шоро” компаниясын түптөп, кытай элине кыргыздын улуттук суусундуктарын сата башташкан. Бирок ишкана киреше алып келбей, жабылып калган.

Ошондой эле Аскар Салымбековдун батыш мамлекеттеринде хан сарайы жана казинолору бардыгы тууралуу кептер айтылып келет. Бирок такталган эмес. Ал эми “Дордой” базарынын бөлүмдөрү Кыргызстандын бир нече аймактарында ачылган.

Аскар Салымбеков өзүн меценат деп да санайт. Бирок меценаттык кылып маданиятты өнүктүрүп жиберген деле жайы жок. Кыргыз футболчуларына демөөрчүлүк кылып, алга сүрөп келет. Бир нече шаарларда ижарага алган жерлери, өндүрүштүк объектилери, ал тургай маданий жайларды алып, кичи футбол аянтчаларын, спорттук залдарды, дүкөн, кафелерди кошо курган жайы бар. Кино театрларды ижарага алып иштетип келишет. Салымбековдор соода тармагы менен ириленишкен. Өндүрүш менен айыл чарбасына анчейин батыл киришкен эмес. Ал эми Салымбековдордун империясына тиешелүү кыймылсыз мүлктөрдү санап чыгуу, бул өзүнчө чоң маселе.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *