Самаков саясатка кайтып келеби?

   Мезгил

Бишкекте Кыргызстандагы дыйкандардын башын бириктирген “Баба дыйкан” саясий партиясынын съезди өттү. Ага Кыргызстандын аймактарынан келген делегаттар катышты. Бул партия 1999-жылы уюшулган жана азырынча ири масштабда өзүн көрсөтө элек. Болгону жергиликтүү шайлоолордо белгилүү орундарды алып келет. Съездге чакырылган делегаттардын арасында экс-депутат Карганбек Самаков да жүрдү. Мындан улам Самаков саясатка кайра аралаша баштадыбы деген суроо өзүнөн-өзү туулат экен.

Эске сала кетсек, экс-депутат Карганбек Самаков үстүбүздөгү жылы жазында жатак абагына чыгарылган. Ал 2017-жылы жерди мыйзамсыз трансформация жасагандыгы үчүн айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Бул иш боюнча жоопко тартылган экс-премьер-министр Игорь Чудинов жана экс-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев 5 млн сомдон айып төлөшкөн.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *